www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин депутаты Ырысбек Атажанов кесиптештерин колдоп, Министрлер кабинетинин орун басары Эдил Байсаловду кызматтан алууну суранды.
«Сын-пикир айтуу, жалган-жалаа жабуу, ар кандай жагымсыз нерселерди жазуу, мамлекеттик кызматта иштеген Эдил Байсаловго окшогондордун негатив айтканы салтка айланып бара жатат», - деди депутат.
Ал Байсаловго чара көрүп, башкаларга сабак болушу үчүн кызматтан кетирүүнү суранды.
Атажановго чейин дагы бир нече депутат Байсаловду сынга алып, анын айткандарын парламенттин ишине кийлигишүү деп баалап, юридикалык баа берүүнү суранышкан.
Булак: NazarNews.kg