www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдарга жергиликтүү эл Жеңиш Разаковду күнөөлөп келгени жашыруун эмес. Убагында губернатор, вице-премьер-министр катары иштеген бул эргулдун кыянаттыгы далай айтылып келди.
Атургай былтыр баткендиктер президентке чейин арызданышып, Разаковдун тажиктерге жерибизди бергенин билдиришпеди беле? Текшерүү жүрүп, жыйынтыгы айтылмак. Эмгиче кечигүүдө...
Аз күн мурда журналист Ыдырыс Исаковдун репортажында жергиликтүү тургундар Разаковду дагы күнөөлөп чыгышты. Мамат Айбалаев да Баткенден кыргыз-тажик жаңжалы чыкканда кайрадан эле ушул чиновник сөрөйдүн кедери тийгенин, аксайлыктарды аттырганын айтып берди.
Жерди берсе, элди аттырса, эмнеге жоопкерчиликке тартылбай жүрөт? Азыркы бийлик Жеңиш Разаковдун ишмердигин тыкыр иликтетип, эгер күнөөсү ашкереленсе, мыйзам алдында жоопкерчиликке тартуу керек. Качанкыга чейин тайраңдап жүрөт? Элибиздин муң-зарын ойлойлу.
Булак: Азия News гезити