www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Депутат Экономика министринин орун басарына сөгүш жарыялады

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети 2022-жылдын 11-ноябрында кол коюлган Азия өнүктүрүү банкы менен кредиттик макулдашууну бир эле учурда үч окууда караган жок.

Парламенттин жаңы жобосу кредиттик келишимдерди үч окууда талдап чыгууга тыюу салат.

Экономика министринин орун басары Руслан Татиков депутаттардан маселени иликтеп чыгууну өтүндү.

«АӨБ 24 жылга бюджетти колдоо үчүн бизге 50 миллион доллар бөлүп берип жатат. Каражаттын жарымы грант катары берилет. Насыялардын жеңилдетилген мөөнөтү сегиз жыл, үстөк пайызы 1-1,5 пайыз. Мындай насыяны Өзбекстан 500 миллион доллар, Тажикстан 50 миллион доллар өлчөмүндө алып жатат», — деди чиновник.

Ал эми депутат Чолпон Султанбекова сөз Кыргызстан жана парламенттин регламенти тууралуу болуп жатканын белгиледи.

«Эмне үчүн биздин өлкөнү башка мамлекеттер менен салыштырып жатасыңар? Эгер алар алса, анда милдет алардын мойнунда. Бул сиз тараптан туура эмес. Алар өлсө, биз да өлөбүзбү? Бир нерсе айтуудан мурун ойлонгула», - деди эл өкүлү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости