www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Экстремисттик материалдарды даярдоо жана жайылтууга шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Социалдык тармактарга мониторинг жүргүзүү учурунда анын баракчасында Ислам мамлекети (ИГИЛ) жана Талибан тууралуу материалдар жарыяланган аккаунт табылган (ред. Кыргызстанда эки уюмга тең тыюу салынган).

Бул факты КР Кылмыш-жаза кодексинин 332-беренеси («Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу») менен электрондук каттоо журналына катталды.

Чүй ОИИБдин экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматынын жана Аламүдүн РИИБдин ыкчам кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү 1987-жылы туулган К.Н.Х. кармалып, СИЗО-1ге киргизилди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости