www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңеште Элвира Сурабалдиевага Камчыбек Ташиевдин иши боюнча сотто сүйлөгөндөн кийин мамлекеттик күзөт берүү сунушталды.

Депутат Дастанбек Жумабеков Элвира Сурабалдиевага мамлекеттик күзөт бөлүп берүү маселесин көтөрдү. Анын айтымында, Ташиевдин иши боюнча соттук отурумда Сурабалдиевага олуттуу басым жасалган.

Жумабеков белгилегендей, Сурабалдиева сотто кандай макамда сүйлөгөнүн так билбейт, бирок анын байкоосунда депутатка күчтүү басым көрсөтүлгөн.

- Эл тарабынан шайланган биздин кесиптеш депутатка басым жасалып жатканын байкадым. Ал жооп берүүгө же сүйлөөгө аракет кылганда, ага кысым көрсөтүлдү. Бизде мамлекеттик күзөт жөнүндө мыйзам бар. Эгер мыйзам жол берсе жана кесиптешибиз каршы болбосо, ага мамлекеттик күзөт берүү керек деп эсептейм. Абал ушундай болуп калды. Бул маселе президенттин тескемеси менен чечилет, балким, сиздер талкуулап, кеңешип, сунуш киргизерсиздер. Биз кесиптеш катары бул маселени алдын ала карашыбыз керек, кеч болуп калбасын. Кудай сактасын, жаман нерсени ойлобойлу, - деди Жумабеков төрага Марлен Маматалиевге кайрылып.

Ал эми, депутат Элвира Сурабалдиева ага мамлекеттик күзөттүн кереги жотугун билдирди.

"Жок. Эмне кереги бар? Биринчиден, бул мамлекеттик бюджет үчүн ашыкча чыгым. Экинчиден, биз дагы эле мыйзам менен башкарылган мамлекетте жашайбыз деп ишенем. Жана менде корко турган эч ким жок. Ал эми мени коркуткандар, менимче, мен корко турган адамдардан эмес", - деди Сурабалдиева.

Последние новости