www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
18-июнда Чолпон-Ата шаарында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров менен Байрам Бегай расмий жолугушуу аземине катышты.
Салтанат Рух-Ордо маданий борборунда өтүп, анда Кыргызстан менен Албаниянын мамлекеттик туулары илинип, Ардактуу кароол тизилди. Аземге 40 этно жоокер катышты.
Мамлекет башчылары саламдашкандан кийин Ардактуу кароолдун командиринин рапортун кабыл алып, эки өлкөнүн мамлекеттик гимндери жаңырды. Андан соң лидерлер Ардактуу кароолдун катарын кыдырып чыгышты.
Байрам Бегай аскер кызматкерлерине кыргыз тилинде «Салам аскер!» деп кайрылды.
Расмий аземден кийин президенттер эки өлкөнүн делегация мүчөлөрү менен таанышып, андан соң №2 Мамлекеттик резиденциянын Конгресс-холлуна өтүштү.
Ал жерде биргелешкен сүрөткө түшүү аземи жана эки тараптуу сүйлөшүүлөр өткөрүлдү.