www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2026-жылдын 18-июнунда МинКаб Төрагасынын орун басары – министр Эрлист Акунбеков Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Кара-Суу районундагы «Отуз-Адыр» субдолбоорунун негизинде реабилитацияланган ичүүчү суу менен камсыздоо тутумун пайдаланууга берүү аземине катышты.
Субдолбоор Отуз-Адыр жана Савай-Арык айыл аймактарындагы 12 калктуу конушту камтып, жалпы 30 миңге жакын тургунду сапаттуу ичүүчү суу менен камсыздоого багытталган. Долбоордун алкагында суу менен камсыздоо объектилери жаңыланып, Октябрь айылында көлөмү 300 куб метр болгон суу сактагыч курулду, 11,4 чакырым суу түтүктөрү тартылып, объекттин санитардык-коргоо аймагы тосулду.
Иш-чарада сүйлөгөн сөзүндө Эрлист Акунбеков калкты сапаттуу ичүүчү суу менен камсыз кылуу мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин белгиледи. Анын айтымында, бул долбоор калкты үзгүлтүксүз суу менен камсыздоого, инфраструктуранын ишенимдүүлүгүн жогорулатууга жана көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жакшыртууга өбөлгө түзөт.
Мындан тышкары, суу менен камсыздоо системаларын тейлөөнүн сапатын жогорулатуу максатында жергиликтүү суу чарба ишканасына атайын техникалар – экскаватор жана ассенизатордук унаа тапшырылды. Бул техникалар авариялык кырдаалдарга ыкчам чара көрүүгө жана суу менен камсыздоо объектилерин натыйжалуу тейлөөгө мүмкүнчүлүк берет.