www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ЖК депутаты Евгения Строкованын пикиринде парламенттик шайлоону жылдыруу талабын билдирген кесиптештери пиар жасашууда. Бул тууралуу эл өкүлү өзү билдирди.

«Шайлоо жөнүндөгү пиарларлары менен кесиптештерибиз ушунчалык тажатты. Биринчиден, шайлоонун күнүн белгилебей коюу мыйзамга каршы келип калмак! Экинчиден, балким күзүндө өзгөчө абалы киргизилет, андай боло турган болсо жаздагыдай шайлоону жылдырууга мүмкүн болот.

Деги эле, кайдагы шайлоо алдындагы кампанияны токтотуу тууралуу сөз болуп жатат, түшүнбөйм?! Эгерде, алар аны өткөрүп жаткан болсо, демек алар биринчи болуп мыйзамды бузушту! Ушундай абалда, анын үстүнө. Өлгөндүн үстүнө көмгөн кылып! Шайлоо алдындагы кампания шайлоого бир ай калганда башталат! Пиар деп атып баарын унутуп калган жоксуңарбы? Жүрөктү айлантпагылачы!».

Эске сала кетсек, буга чейин парламенттик шайлоону жылдыруу талабын «Ата Мекен» фракциясынын мүчөсү Наталья Никитенко менен Жанар Акаев айтып чыккан. Кечээ ушундай эле сунушту «Республика» партиясынын лидери Мирлан Жээнчороев да киргизген.

Ошондой эле, кечээ күнү БШК мүчөсү Атыр Абдрахматова президентке кайрылып, Жогорку Кеңештин шайлоолорун жылдырууну суранган.

Как достали пиаром своим наши коллеги по поводу выборов Во первых , не назначать дату выборов было противозаконно! Во...

Опубликовано Евгенией Строковой Понедельник, 13 июля 2020 г.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости