www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Журналист Замир Казакбаев Фейсбуктагы баракчасына пандемиядан каза болгон Исраилов Мирлан агасын түндө жерге беришкени тууралуу жазды.

"Бугум чыкпай калды. Бул эмне деген апаат? Бул эмне деген балакет? Кыргыз качан түн катып сөөк койчу эле. Адам дегениң баарына көнөт турбайбы. Кече Исраилов Мирлан агабызды жерге берип келдик.

Өкүргөн жокпуз, ыйлаганга да жетишпей калдык. Эч ким менен сүйлөшкөн жокпуз. Томсоруп туруп шашылыш кайттык. Караңгы кирип калганда сөөк коюлуп бүттү. Машинаны көздөй бастык. Жакын эле жерде бирөө шолоктойт. Көйнөгүнөн тааныдым.

Бишкектен чогуу чыкканбыз, Максат деген коллегабыз экен. Аны соороткончо мен да бугумду бир аз чыгарып алдым. Бири биринен жашырынып эле боздогон адамдар... Адам-Инсан жана жетекчи деген сиздей болот эле Мирлан ава. Өлбөчүдөй эле жашайбыз...тирүүбүздө таппаган көңүлдүн кийин кимге кереги бар. Көңүл деген түгөйү менен көңүл турбайбы!", - деп жазган Замир Казакбаев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости