www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын коргоо министринин орун басары Бакыт Курманбаев 49 жашында каза тапты. Мекеменин өкүлү Асет Есенгулов Курманбаев коронавирустан көз жумганын билдирде деп аталган өлкөнүн жергиликтүү басылмалары жазып чыкты. 

Министрликтин маалыматына ылайык, Курманбаев пандемиянын биринчи күндөрүнөн тарта инфекциянын жайылышына каршы күрөшүү иштерине активдүү катышып келген.

Казакстанда коронавирустун жайылышын ооздуктоо максатында киргизилген карантин 2-августка чейин узартылды. Кошуна мамлекетте бул вируска 62 миңдей адам чалдыгып, 375 киши көз жумду.

Бул статистикага пневмония менен ооругандар кирген эмес. Расмий маалыматка караганда, жыл башынан бери Казакстанда өпкөсү кагынган (пневмония) 99 миңдей адам катталды. Алардын 1800гө жакыны каза тапты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости