www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коомчулукта депутат Фархат Исмаиловдун жасалма диплому катуу талкууга алынып, бүтпөй атат. Чатак! Рыскелди Момбеков менен Орозайым Нарматовага иштеген мыйзам эмнеге кыйгап өттү?

Булар да ушул өңүттө айыпталышып, мандаттардан куржалак калышкан. Ал эми Фархат Исмаилов БШКга көрсөткөн дипломду Жусуп Баласагын атындагы КУУдан албаптыр. Архивдик негизде далилденип, баары ачыкка чыгууда.

Окуу жайдын өкүлү диплом албаганын “Азаттыкка” шардана кылды. Билим берүү жана илим министрлиги да тастыктап атат. Дээрлик фактылар ЖМК беттерине батпай кетти. Баса, жарым жыл мурда УКМК Фархат Исмаилов менен Фарходбек Алимжановдун дипломдору жасалма экенин иликтеп, ачыктап салган. Учурда бир гана БШК курамы буйдалып, эки депутатка карата таккесе чечим чыгара албай келет.

Президент Садыр Жапаров ар дайым мыйзам баарына бирдей экенин какшап атса, эмнеге аткаруучу органдар шек жаратууда? Дагы качанкыга чейин элди алдашат? Бийликтин беделине сокку урулууда...

Булак: Азия News гезити

Последние новости