www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Европа биримдиги Россия нефтисине болгон баанын лимити боюнча мунасага келип, баррели 60 доллардын деңгээлинде сүйлөшүлдү. Бул тууралуу РИА Новости Financial Times басылмасына шилтеме берип жазды.
"Евробиримдиктин мамлекеттери Польша өзүнүн нааразылыктарынан баш тарткандан кийин Россия нефтисинин дүйнөлүк сатыктагы наркын 60 доллар деп коюуга макул болду", — деп айтылган маалыматта
Буга чейин Польша мунайдын баасын төмөндөтүүнү талап кылып, сунушталган баанын чегине макул болбой келген. ЖМКлар эми Евробиримдик келишимди бекитүү үчүн жазуу жүзүндө процедураны башташы мүмкүн экендигин жазышууда.
Кечээ, 2-декабрда, Россиянын президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков Евробиримдиктин Россия мунайынын баррелине 60 доллардан баасын чектөө боюнча алдын ала макулдашуусуна комментарий берүүдөн баш тартты. Ал өздүк булактарга таянбай, расмий билдирүүлөрдү күтүү керектигин айткан.
Россиянын президенти Владимир Путин буга чейин батыштын россиялык энергоресурстарынын баасына чектөө киргизүү идеясына комментарий берип жатып, Россия өз кызыкчылыгына каршы келген учурда чет өлкөгө эч нерсе жеткирбей турганын билдирген.
Булак: NazarNews.kg