www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаты Иса Өмүркулов пневмонияга кабылып, ооруканада дарыланып жатат. Бул тууралуу ал бүгүн, 9-июлда журналисттерге билдирди.

“Кудайга шүгүр жеңил формасы экен. Учурда абалым жакшы. Азыркы тапта дарыланып жатам”, — деди Өмүркулов. 

Эске сала кетсек, Кыргызстанда соңку бир сутканын ичинде пневмония оорусунан 42 адам көз жумду.

Анын ичинен Бишкекте 21 адамдын, ал эми өлкөнүн башка аймактарында 21 кишинин өлүмү катталды.

Бир күндө пневмония менен ооруканага 134 адам жаткырылган. Муну менен илдетке чалдыккандардын жалпы саны 3 829 адамды түзүп, март айынан бери 310 киши каза болду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости