www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин 30-январдагы “Элдик” жана “Ала-Тоо” депутаттык топторунун жыйынына өкмөттүн орун басары Эдил Байсалов катышып, бирок аягына чейин отурбай чыгып кеткени депутаттарды нааразы кылды. Депутат Бактияр Калпаев аны “өкмөттүн эрке баласы” деп атап, жоопко тартылабы деп суроо салды.
Ырасында, Байсалов кызматка келгенден бери “кылыбызды кыйшайта албайсыңар” деп айткандай эле депутаттарды “тоготпой” калган окуя эчен ирет кайталанды. Ал түгүл өткөн чакырылыштын депутаттары Байсаловду кызматтан алуу боюнча токтом токуп жиберишкен. Бирок анысы суу кечкен жок.