www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркия Республикасынын Улуттук Коргоо министрлиги түрк аскерлеринин Сириянын түндүгүндө Түркия чек арасына жакын болгон аскердик позициялардан чыгып кеткени тууралуу маалыматты четке какты.

Министрликтин булактары бейшемби күнү “Түрк куралдуу күчтөрүнүн Тынчтык булагы аймагындагы айрым аймактардан чыкканы тууралуу кабарлар туура эмес. Түрк куралдуу күчтөрү аймакта Сирия өкмөтү менен координация ичинде ишин улантууда”,- деди.

Министрликтин булактары ошондой эле жалган маалымат камтыган атайын кабарларга ишенбөөгө жана расмий билдирүүлөрдү гана кабыл алууга чакырды.

Түркия 2016-жылдан бери Сириянын түндүгүндө "Евфрат калканы" (2016), "Зайтун бутагы" (2018) жана "Тынчтык булагы" (2019) сыяктуу бир катар террорго каршы операцияларды жүргүздү. Максаты террордук коридорунун түзүлүшүнө жол бербөө жана тургундардын аймакта тынч жайгашуусун камсыз кылуу.

"Тынчтык булагы" операциясы 2019-жылдын октябрь айында Сириянын түндүгүндөгү ПКК/YPG элементтерин нейтралдаштыруу максатында башталган.

Түркия Түркия-Сирия чек арасынан Сириянын чек арасына параллель созулган М4 автожолуна чейин созулган 30 чакырымдык коопсуз аймак түзүүнү көздөгөн.

АКШ мурда YPGны ДЕАШка каршы күрөшүү үчүн куралдандырганына карабастан Түркиянын операциясына чейин Сириянын түндүгүндө жайгашкан аскерлерин чыгарып кетүүгө макул болгон.

YPG, PKK террордук уюмунун Сириядагы уландысы катары кабыл алынууда.

Последние новости