www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин депутаты Камила Талиева Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Көзөмөлчүлүк кеңешинин жыйынына катышты.
Аталган кеңештин төрагасы, академик Абдыганы Эркебаев алып барган жыйында «КУУнун жаңы салынып жаткан имаратынын курулуш иштеринин жүрүшү», «КУУнун структуралык түзүмдөрүн ирилештирүү, кызматтык орундарды кыскартуу жана университеттин Уставына “Кампус” деген түшүнүктү киргизүү», «КУУнун өзгөчө статус алгандыгына жана Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 2025-жылы өзгөргөнүнө байланыштуу КУУнун Уставына кызмат орундарына дайындоо жана кызмат орундарынан бошотуу тартиби боюнча өзгөртүү киргизүү», «КУУнун атайын каражаттарынын киреше жана чыгаша сметасын 2026-жылга бекитүү, профессордук-окутуучулук, административдик-башкаруучу, окууга көмөкчү жана чарбалык-тейлөөчү курамынын эмгек акыларын 2026-жылдын 1-апрелинен көтөрүү» тууралуу маселелер каралып, Көзөмөлчүлүк кеңешинин мүчөлөрү тарабынан колдоого алынды.
Депутат Камила Талиева заманбап кадрларды даярдоодо Кыргыз улуттук университетинин өзгөчө ролун белгилеп, аны өнүктүрүү боюнча долбоорлорду ишке ашыруу чоң мааниге ээ экенин айтты.
Жыйындын соңунда Абдыганы Эркебаев бүгүнкү отурум соңку отурум экенин кабарлап, Көзөмөлчүлүк кеңешинин бул курамы иштеген соңку 3 жыл аралыгында Улуттук университет өнүгүү жолуна түшүп, окуу жайда көп өзгөрүүлөр болгонун ырастады.
Ал эми ректор Догдурбек Чонтоев өз кезегинде аталган ийгиликтер Көзөмөлчүлүк кеңешинин Абдыганы Эркебаев жетектеген ушул курамынын колдоосу менен болгондугун белгилеп, ак ниет эмгеги үчүн кеңештин мүчөлөрүнө терең ыраазычылык билдирди.