www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2026-жылдын 28-февралында Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри Дамирбек Осмонов Бишкек шаарындагы бир катар саламаттык сактоо уюмдарына барып, медициналык жардам көрсөтүүнүн шарттары, инфраструктуранын абалы жана аткарылып жаткан учурдагы милдеттер менен таанышты.
Улуттук госпиталда министр шашылыш медициналык жардам бөлүмүн, ошондой эле оңдоп-түзөө иштери жүрүп жаткан объектилерди көрүп чыкты. Улуттук госпиталдын башкы дарыгери Бакыт Тологоновдун маалыматына ылайык, учурда жандандыруу бөлүмүнүн оңдоп-түзөө иштери аяктоо алдында турат, ал эми референс-лаборатория үчүн имаратты оңдоо иштери апрель айынын аягына чейин бүткөрүлүшү пландалууда.
Референс-лаборатория түзүү долбоору Азия өнүктүрүү банкынын колдоосу менен ишке ашырылып, Бишкек шаарындагы стационарлар үчүн борборлоштурулган лабораториялык базаны түзүүнү көздөйт. Улуттук госпитал шаардык стационарлар үчүн лабораториялык изилдөөлөрдү борборлоштурулган тартипте жүргүзөт, бул диагностиканын сапатын жогорулатууга жана изилдөөлөрдүн бирдиктүү стандарттарын киргизүүгө мүмкүндүк берет. Долбоор бир жылдан бери ишке ашырылууда. Оңдоп-түзөө иштери аяктагандан кийин жабдуулар орнотулуп, кызматкерлерди окутуу уюштурулуп, лабораториянын толук кандуу иши башталат.
Министр ошондой эле бир жарым жылдан ашуун убакыттан бери иштеп келе жаткан жана өзүнүн талапка ылайыктуулугун көрсөткөн борборлоштурулган Шашылыш медициналык жардам бөлүмүнүн иши менен таанышты. Муну менен катар анын ишин мындан ары күчөтүү боюнча бир катар багыттарды белгиледи: шок бөлмөсүн түзүү, бөлүмдөрдү кошумча жабдуу жана жандандыруу бөлүмүндө бейтаптар үчүн туруктуу ЭКГ-мониторингди уюштуруу.
Андан соң министр Репродукция илимий борборуна барып, мекеменин жетекчилиги тарабынан борбордун учурдагы ишмердүүлүгү жана репродуктивдик саламаттык жаатындагы көйгөйлөр тууралуу маалымат берилди.
Жолугушуунун жыйынтыгында министр Борбордун жетекчилигине энелердин саламаттыгын коргоо көрсөткүчтөрүн жакшыртууга, ошондой эле борбордун илимий потенциалын күчөтүүгө багытталган практикалык сунуштарды даярдоону тапшырды.