www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн  Ош шаарында эл аралык мелдештерге катыша турган 25 спортчуну тандоо максатында Ош шаарынын мэринин кубогу өткөрүлдү. Иш-чарага шаар башчысы Жанарбек Акаев, тиешелүү мекемелердин жетекчилери жана спортчулар катышты. 

Бул мелдеш калк арасында сергек жашоо образын жайылтууга багытталып, жаш муундун спортко болгон кызыгуусун арттырып, активдүү жашоо образын калыптандыруу максатында уюштурулууда. 

Мелдештин жүрүшүндө мыкты көрсөткүчкө жетишкен спортчулар тандалып алынып, эң күчтүү 25 сүзүүчү Ош шаарынын сууда сүзүү боюнча курама командасынын тизмегине киргизилет жана спортчулар шаар намысын республикалык жана эл аралык мелдештерде коргоого даярдалат. 

Белгилей кетсек, мелдешке катышуу үчүн 158 табыштама түшкөн. Алар “Булак” ден соолукту чыңдоо  борборунун бассейнинде өз күчтөрүн сынашты. 

Жыйынтыгында алдыңкы орунду багындырган спортчулар диплом, медаль жана баалуу белектер менен сыйланышты. 

Последние новости