www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 30-майда Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында депутат Ырысбек Атажанов мугалимдерди кемсинткендер үчүн айып пулду көбөйтүүнү сунуштады.
Анын пикиринде, мугалимдерди сыйлабастыкка негизинен колунда бар үй-бүлөлөрдүн балдары жол беришет.
«Мындай мыйзам бузуулар көбүнчө колунда бар бизнесмендердин балдары тарабынан жасалууда. Андыктан, айыптын көлөмүн көбөйтүү зарыл», - деди ал.
Мыйзам долбоорунун автору Мирлан Самойкожо көйгөйлүү окуучулар дайыма эле бай үй-бүлөлөрдүн балдары боло бербестигин белгиледи.
«Журналист болуп иштеп жүргөндө мен иликтөө жүргүзгөм: ата-эненин мээрими жана камкордугу жок балдар үй-бүлөнүн социалдык абалына карабай, мугалимдерге чуркашат. Кээ бир учурларда окуучулар ата-энелери менен урушкандан кийин бардык таарынычтарын мугалимге айтышат”, - деди Мирлан Самойкожо.
Белгилей кетсек, Мирлан Самойкожо окуучуларды жана алардын ата-энелерин мугалимдерди сыйлабаган мамилеси үчүн жоопкерчиликке тартуу мыйзамын сунуштап жатат. Эл өкүлүнүн айтымында, мыйзам долбоору мугалимдердин укугун коргоо максатында иштелип чыккан.
Мыйзам долбооруна ылайык, мугалимди сыйлабагандык үчүн окуучунун жашына жараша 2000 сомдон 3000 сомго чейин айып пул салынат. Бир жыл ичинде кайталанса айып 5 миңге чейин көтөрүлөт же үч күндөн беш суткага чейин камакка алуу сунушталууда.
Алар балдарды мугалимдерден кантип коргой турганын депутат тактаган жок.
Эске салсак, интернетте мугалим окуучу кызды чаап, уруп жаткан видео тараган. Кийинчерээк окуя эмнеден башталганы, 7-класстын окуучусу педагогго каяша айтып, айтышып, урушуп жатканы тартылган видео жүктөлгөн. Окуя боюнча билим берүү министри Алмаз Бейшеналиев да үн катып, милиция ишти иликтей баштаган.
Булак: NazarNews.kg