www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ККМге каршы болгон ишкерлер өкмөт үйүнүн алдына чогулду

Бүгүн, 30-майда Бишкекте өкмөт үйүнүн алдына ишкерлер кассалык аппараттарды милдеттүү түрдө орнотууга каршы нааразычылык акцияга чогулушту.

Акциянын катышуучулары кассалык аппаратты орнотуу талабын жокко чыгаруу менен бирге, эсеп-фактураны тапшырууну да жокко чыгарууну талап кылышууда.

«Биз патенттик система боюнча ишти уланткыбыз келет, анткени товар акыркы керектөөчүгө жеткенге чейин эсеп-фактура үч жолу тапшырылат. Мындай жаңычылдыкты киргизүүдөн мурун биз менен кеңешсек болмок, анткени бул система андан да көп коррупцияны жаратат», — дейт акциянын катышуучусу.

Салык боюнча жаңы мыйзамга ылайык, өлкө аймагындагы соода-сатык, жумуш аткаруу, тейлөө субъектилери накталай жана накталай эмес эсептешүүдө милдеттүү түрдө ККМ колдонушу керек. Мындай талап 1-августтан тартып коюла баштайт.

Буга чейин бир катар ири базарларда иштеген соодагерлер буга карата нааразылыгын билдирип, митинг-пикеттерди өткөрүшкөн. Алар ККМ колдонсо товарын кымбаттатууга мажбур болорун айтышкан.

Эске салсак, Президент Садыр Жапаров 8-февралда Бишкектеги “Дордой” жана “Ош" базарларына барып, ишкерлерге ККМди ишке киргизүү максатын түшүндүргөн. Ал Кыргызстанда экономиканын 40% көмүскөдө калганын, ошону алып чыгуу аракети көрүлүп жатканын, кичи жана орто бизнес жабыркабасын деген аракет көрүлөрүн айткан. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости