www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

— Айбек мырза, саламатсызбы! Акыркы учурда чындыкты кашкайта жазып, кыргыздын намысын коргоп келе жатасыз, бул кадамга эмне түрткү болду?

— Саламатчылык! Соңку жылдары өлкөбүз бир топ өзгөрүп кетти. Кайда барбайын, кайда жүрбөйүн оронгон кыз-келиндер, сакал өстүрүп, арабдардын улуттук кийимин кийген жаш жигиттер. Ал аз келгенсип кыздар эркектей, эркектер кыздай да боло башташты. "Бул эки жолдун кайсынысы пайдалуу жана жакшыраак?" деп акыл калчап көрсөм, экөө тең Улуу кыргыз калкы үчүн акылга сыйгыс жат көрүнүш экен.

Журналисттик кесибиме байланыштуу көп адам менен пикир алышып, көптү көрүп жүрүп көп нерсени акылга салып, баамдап калат экенсиң. Анын үстүнө жашоодогу чукул бурулуштар, сыноолор түздөп, бышырат экен...

"Ата-бабаларыбыз кандай өмүр кечирген?" деген собол башыман кетпей, ойлондуруп туруп алды. Баш калаадагы китепканаларга барып, кыргыз элинин санжырасын окуп, изилдей баштадым. Азыр да окуп келем. Ошондо жашоомдо кандайдыр бир өзгөрүүлөр боло түшкөндөй болду. Балким, патриоттук сезимдер ойгонгондур...

Эми жаштарды түшүнсөк болот. Көбүбүз мусулман үй-бүлөдө чоңоюп өстүк жана өсүп жатабыз. Ошондуктан, башка диндер менен таанышуу жагынан тартылып, аларды туура эмес деп эсептеп, бир гана ислам динин жактап жатпайбызбы. Менимче, бардык диндердин пайдасыз да, пайдалуу да жактары көп. Эми бул башка сөз... Баарыбыз билгендей, Кыргызстандын басымдуу бөлүгү ислам динин тутунат. Бирок баардык нерсенин чеги болгондой эле динге берилүүнүн да чеги болот. Диндин фанатына айланып кетүү менен көбүнүн көзү жабылып, дүйнө таанымы кыскарып калып жатат. Муну дин аалымдары да тана албайт!

— Кыргыздардын акыркы кадамдары, кыргыздын баалуулуктарын түп тамыры менен унуткандай, бул көрүнүштү кандай кабыл алып жатасыз?

— Абдан кейиштүү кабыл алып жатам. Бирок патриот, ата салтын, мурасын сактаган инсандар көп экенине ишенем. Санжырасы, наркы жок эл болбойт . Эгер улуттук баалуулуктар жоголсо — улуттун жоголгону болуп саналат. Муну азыр көбү түшүнбөй жатышат...

— Баса, сөзүңүзгө улай ырчы Гүлнур Асанованын "ойношторду таш бараңга алуу керек", деген постунан кийин Facebook баракчасына ырчыны колдоп "Кыргыз жоокер" деген аталыштагы "согушка аттаналы", деп кыйкырган инсан менен түз сүйлөшүптүрсүз, сыр болбосо эмне жөнүндө айтты?

— Кыргыз Жоокердин Facebook тармагындагы баракчасын мындан бир ай мурун көргөм. Баракчасын байкасам, туура эмес диний агымын ээрчип кеткен экен. Жихадга үндөгөн, согуш баштоого болгон чакырыктар... Анын көбүн скриндеп, ИИМге жөнөткөм. ИИМдин Басма сөз кызматы тийиштүү тараптарга жөнөтүлгөнүн билдирген. Эмнегедир тийиштүү органдар тарабынан реакция болбогондой. Кийин ал ар кимдин жазган билдирүүсүнө келип, "мууздаш керек, союш керек, согуш ачалы" деген өңдүү комментарийлерди калтыра баштады. Кечээ күнү ИИМге "Жоокер Кыргыздын" билдирүүлөрү менен кошо мыйзамсыз пропагандалап жаткан көрүнүштөрдү кайрадан жибердим. Бул ирет да кош көңүлдүк болоорун туюп, баардыгын Фейсбук баракчама жүктөп салдым. Кайдан-жайдан жанагы "Жоокер Кыргыз" деген жеке баракчама келип, бир нерселерди жазып туруп, кайра өчүрүп коюптур. Коңгуроо да соккон экен...

— Анан сүйлөштүңүзбү?

"— Эмне деп жазып, кайра өчүрүп койгонсуң? Коркуп кеттиңби?" - деп жазып койдум. 2-3 мүнөт өтпөй, "— Коркуу? Коркуу деген эмне билесиңби деги?" - деп байланыш номурумду сурай баштады. Мен мессенджер аркылуу чалсам албады. Андан соң кайра өзү видео чалуу аркылуу байланышка чыгып калды.

Анын айтымына караганда, ал учурда Сирияда машыгып, жихадга катуу даярданып жатыптыр. Ал жакта башка кыргызстандыктар да бар экен. Алар кайсы бир убакта Кыргызстанга кайтып келип, динге каршы пикир сүйлөгөндөрдү, намаз окубагандарды жана мусулман эмес жарандарды мажбурлап дин жолуна түшүрүшөт экен. 3-4 адамды мууздап салышса, башкалар өздөрү эле чөгөлөп беришет имиш.

Жанкечти аны менен катар Орто Азиядагы мамлекеттердин баардыгы исламий мамлекет болуп түзүлүп, чоң халифат болоорун айтты. Мен аны жакшы сүйлөп, жакшы сөзгө тартканга аракет кылдым, бирок анын көзү тумандап калганын түшүндүм... Мени таап, башкаларга сабак болуш үчүн мууздап салат экен. Муну айтканында чынында каткырып жибердим.

"— Макул, кел! Мен Бишкекте эле болом", — десем, "— Шашпа, бир күнү барам" дейт. Аныгында коркконум жок. Бирок, мамлекеттин коопсуздугун, элдин эртеңин ойлоп, түйшөлүп кетип жатам. Ошондуктан, диндин фанаты болбоого чакырык таштадым. Мейли, намаз окуйлу, динди карманалы, бирок чеги менен!

Бийлик бей өкмөт уюмдардын катарын толуктаган Муфтиятты колтуктап, ага ишенич арта бербей, тизгиндеп, катуу көзөмөлдөп турса жакшы болмок. Эми Борбордук мечитти бузуп, ичин кыргыз колоритинде жасашаарын айтып жатышат. Бул аша чапкандык. Кыргыз баалуулуктарын аяр сактасак жакшы болмок..

Казакстанды карагылачы, кыргыз элинин саяк уруусунан чыккан белгилүү Томирис канышасын менчиктеп алышып, “биздики” деп өздөрүнө жаңы тарых жазып жатышат. Ал турсун киносун да тартып жиберишти. А биздин кээ бир дейдилер "Томирис кыргыз болгон эмес" деп Теңирден тетири кетишүүдө.

Көп эл санжыра, ата-баба мурасын таппай жүрсө,  биз тепкилеп, болушунча кордоп жатабыз. Ишенесизби, мен ушуларды өзүмчө ойлоп отуруп, чындап ыйлап алам...

Жыйынтыгында эми эле дин жолуна түшө калган шоу-бизнестин өкүлдөрү көнгөн адатынча динди да шоуга айландырып жибергени жанымды кейитип жиберди. Өзүңүздөр көргөндөй жаш наристелерден бери чүмбөттөп, ороп, балалыгын, тандоо укугун талкалап жатышат. Буга ата-энелери да күнөөлүү.

КР Мыйзамы баардык динден бийик туурарын унутпасак жакшы болот эле. Бул кылгандары кылмыш болуп саналат. Анткени, мыйзамсыз динди пропагандалап жатышат. Мен динге каршы эмесмин, динди пропагандалоого каршымын. Азыр кыйын болуп сүйлөп жаткандар христиан же буддизм динин пропагандаласа башка сөздөрдү сүйлөп, тил-ооздон калганча сөгүнүп, чачтарын жулушмак... Бул турган иш! Негизи Кыргызстанда бардык диндер бирдей укукка ээ экенин белгилей кетейин.

— Мечитти кыргызча жасаганы жакшы го деймин. Кыргыздар мечитке кирсе, кыргызмын деген ой пайда болот балким…

— Ага кошула албайм. Муну кыргыз элинин баалуулугун басмырлоо катары баалайм. Мечитти динге ылайыкташтырып салган оң. Мисалга бутубузга кийген байпакка Кыргызстандын улуттук символдору болгон желек менен гербди түшүрүп, кийбейбиз да. Бул да ошол сыяктуу эле... Ушул жерден көбү жаман көрөт, кайчы пикирлерин айтат, билем. Ар бир кыргыздан өтүнөм, "кыргызмын" деген сезим, сыймыктануу болсо, баалуулуктарыбызга аяр мамиле кылалычы...

— Жогорудагыдай баш-аламан көрүнүштү токтото алабызбы? Бийликтин күчү жетеби?

— Айтыш кыйын... Эгер Мыйзам иштеп турган болсо, диний "Ыйман Нуру" партиясы БШК тарабынан катталып, шайлоого аттанбайт эле. Парламентке чейин Куран китепти көтөрүп кирип, талкуулашпайт эле (казино боюнча жыйында).

Өткөндө баарыңыздарга маалым болгондой, президент Садыр Жапаров нарк-наасил боюнча мыйзам долбоорун кабыл алды. Бул абдан жакшы жазылган мыйзам экен, бирок бир кемчилиги бар. Ал — Муфтият. Ооба, нарк-наасилди качан эле Муфтият шариятка ылайыктап түшүндүрүп калды эле? Анда биротоло башка диндерди, батышчыл бей өкмөт уюмдарын деле кошуп койбойт беле?! Мындай кылганы туура болбой калды, аттиң! Ошол жерин алып койсо, эң мыкты болоор эле...

— Маегиңизге чоң ырахмат!

Булак: NazarNews.kg

Последние новости