www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиялык аскерлер узакка созулган салгылашуудан кийин басып алган Украинанын Мариуполь портуна ишембиде алгачкы орус кемеси токтоду. Металл жүктөлгөн кеме дүйшөмбүдө Ростов-на-Донуга жөнөтүлөт деп кабарланууда.

Аталышы ачык айтылбаган орус кемеси тууралуу орусиялык басылмалар жазды. Бул фактыны Киев дагы тастыктады.

Украинанын Жогорку Радасынын адам укуктары боюнча комиссары Людмила Денисова өзүнүн Telegram каналына кеме бортуна 3 миң тонна металл буюмдар жүктөлөрүн жазды. Анын айтымында, Мариуполь портунун аймагында оккупацияга чейин 170 миллион долларлык 200 миң тоннага жакын металл топтолгон.

Украинанын эң ири болот өндүрүүчү "Метинвест" компаниясы буга чейин Мариуполь портунда согушка чейин он миңдеген тонна болот жүктөлгөн беш кеме бар экенин билдирген. Компания Орусия бул кемелерди басып алууга жана аларды жүк менен кошо порттон мыйзамсыз алып чыгууга аракет кылышы мүмкүн деп эсептейт.

Бул талап-тоноочулук катары каралары айтылган. Орус маалымат каражаттары портко келген кеме металлды атайын операцияга чейин түзүлгөн келишимдерге ылайык алып чыгып жатканын белгилейт.

Орусиянын аскер командачылыгы 26-майда Мариуполь портунун аймагы мина жана чөгүп кеткен кемелерден тазаланганы тууралуу маалымат берген.

Согуш учурунда орус аскерлери Бердянск жана Мариуполь портторун көзөмөлгө алып, Украинанын Азов деңизи менен байланышын үзгөн. Москва ачкан согуштан улам Кара деңиз жабылып калып, Украинанын кампаларында 20 млн. тоннадай дан азыктары сыртка чыгарылбай жатканы айтылган.

Бул дүйнөдө азык-түлүк баасынын жогорулашына алып келди.

Эске салсак, Орусия Украинага каршы согушту 24-февралда баштаган. Путин анын максаты "сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо" жана бул үчүн "Украинаны демилитаризация жана денацификация" жасап жана Донбасстагы "жай жашоочулардын канына забын болгондорду" аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жатат, деп айткан.

Орусия - анын куралдуу күчтөрү аскерий соккуларды Украинанын аскердик инфраструктурасы менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдирет. Орусиянын колдоосу менен ДЭР жана ЛЭР топтору да өз аракеттерин улантууда. Путин - Украинаны оккупациялоо туурасында кеп жок экенин айтат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости