www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Депутат китепканаларды жоюуп салууну сунуштады

Ош шаардык кеңешинин депутаты Абдисаит Каримбеков китепканаларды жоюп салууну сунуш кылды. Ал шаардык кеңештин 30-ноябрдагы отурумунда жогорудагы пикирин билдирди.

Каримбеков китепканалар шаардын казынасынан каражатты натыйжасыз пайдаланып жатканын айтып, аларды жоюп салууну сунуш кылган. “Китепканаларда бүгүнкү күндө окурмандарга толук ылайыктуу шарт жок. Анын базасын чыңдаш керек, тейлөө тармагын өзгөртүш керек. Ал үчүн акчаны өзүнчө карап, керек болсо ал жерде иштеп жаткан адамдардан бери өзгөртүү зарыл. Ошону менен бирге  форматын өзгөртүш керек”-деп кошумчалады.  Ал эми мэр Таалайбек Сарыбашов шаардык кеңештин депутатынын айтканын четке кагып, шаарда китепканалардын болушу зарыл, шарттарын жакшыртуу керек экенин айткан. Кошумчалай кетсек, Ош шаарында жалпы 12 китепкана бар.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости