www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев матчество боюнча чечим кабыл алынганына байланыштуу Конституциялык соттун төрагасынын кызматтан кетүүсүн талап кылды. Бул тууралуу журналисттерге  билдирди.

Анын айтымында, Жогорку Кеңеш Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизе албайт.

"Мамлекеттик катчы матчествого каршы, муфтий каршы, Камчыбек Ташиев дагы каршы чыкты. Матчество болуш үчүн мыйзамдарды өзгөртүү керек. Мыйзам күчүнө кириши үчүн алгач парламентте талкууланышы керек. Парламент баш тартса эмне болот, тартипке ылайык, өкмөт Үй-бүлө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүүнү кароого бизге жиберүүгө милдеттүү”, - деп түшүндүрдү эл өкүлү.

Түлөбаев Конституциялык соттун төрагасы Эмил Өскөнбаевдин кызматтан кетүүсүн талап кылды.

“Конституциялык соттун төрагасы процедураларды ойлобогондуктан отставкага кетиши керек”, - деди депутат.

Эске сала кетсек, президенттик аппарат президентке Конституциялык соттун чечимдерин кайра кароого жөнөтүүгө мүмкүндүк берген мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү коомдук талкууга койгон.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости