www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Эзелтен кемеңгер, айкөл атыккан эл, өз президенти тарабынан "жалкоо кыргыз" атыгып, анекдот болуп айтылып, кемсинтүүгө учурайт деп кимдин оюна келиптир. Кайран гана эл, кайран гана кыргыз.
Кыргызстанга келген чет өлкөлүктөр, айылдарды аралап биздин жарандарга: "Эмне турасыңар иштебейсиңерби, тигил жерде фабрика ачылыптыр, завод турат экен, жүздөн ашык орун бар экен, издеп жүрүптүр го жумушчуларды...", - дешип биз үчүн аябай сарсанаа болуп жатышкан тура! Ким эле ушунтип камкордук кылсын?
Ой-бай, биздин өлкөдө иш орун барын билип, анан түз эле колоктоп бош жүргөн "жалкоо кыргыздарга" барып, иштебейсиңерби деп тескеген, боору ачып, жан тарткан кыйын чет өлкөлүктөр экен...
Чет өлкөдөн келтирип айыл аралатып, туристтерди убайымга салып, санаа тарттырып кыйнабай, кыргызым жалкоолонбой иштейли.
Керек болсо Сауд Арабиясына ишке бараткандар, "жалкоо кыргыздын" айынан, күйүп жаткан иштерин токтотуп "булардын бир жума иштеген ишин, бир күндө бүтүрүп, Ак үйүн салып берип коёлу" дешип, калып калышыптыр. Айланайын элим, бирөөнүн күйүп жаткан ишинен калтырып, колдорун кармап иштетип койгонубуз Жаратканга жагабы?
Мына өкмөт иш жайнап турса да кыргыздар өз өлкөсүндө "жалкоолонуп иштебейт экен" деп, алга, күчкө толуп турган жаштарды Болгарияга, Түштүк Кореяга, Японияга Англияга, Германияга, Кувейтке, Сауд Арабиясына, Чехияга, Латвияга, Польшага ж.б. өлкөлөргө жалкоолонбой иштегенди үйрөнсүн деп, атайын программа аркылуу мандикер кылып, памидор, бадыраң, кулпунай тергенге, кеме курганга, үй салганга, мейманкана тазалаганга, фура айдаганга эшелон-эшелон кылып жалчылыкка жөнөтүп жатат.
Бул эми бийликтин "жалкоо кыргыздарды эмгектенгенди үйрөнсүн" деген эмгекке тарбиялаган элине көргөн камкордугу эмеспи...
Алмаз Темирбек уулу
Булак: NazarNews.kg