www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаты Жусупбек Коргонбай уулу Бишкек шаарында бир жак капталындагы дубалы ураган имаратты куруп жаткан компанияга тиешеси тууралуу түшүндүрмө берди. Ал Facebook баракчасына «KG Восток Сервистин» негиздөөчүлөрүнүн бири болгонун, саясатка кетип, депутаттык мандат алгандан тартып бизнесин өткөрүп бергенин билдирди.

«Кырсык каш-кабактын ортосунда экен, биринчиден, жабыр тарткан адамдарга баардык жагынан курулуш мекеме жардам берүүсүнө үгүттөйбүз. Ал эми мен бул курулуш мекемеде негиздөөчүлөрүнүн (учредитель) бири болгом. Мыйзамга ылайык депутаттык мандат алаарда «доверительное управлениеге» өткөрүп бергем. Азыр ал жерде өзүнүн мүдүрү, подрядчиктер бар.

Тиешелүү документтердин баары алардын колунда. «KG Восток Сервис» курулуш мекемеси өзүлөрүнүн объектисинде болуп жаткан иштерге жоопкерчиликтүү мамиле жасаарына ишенем.

Бирок, ошол эле учурда мага жасалып жаткан кара пиар, күч алып баратканына көңүл бура албай койбойм. Курулуш мекеме бул кырсык боюнча иликтөөнүн жүрүшүндө үн катат, деген ойдомун. Мен азыр саясатка кеткен адаммын», — деп жазат депутат.

Эске салсак, жекшембиге караган түнү Бишкектин Жаш Гвардия көчөсүндөгү жаңы салынып жаткан көп кабаттуу үйдүн дубалы урап, жанындагы эки кабаттуу турак жайдын чатырын тешип кеткен.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги анда үч адам жаракат алганын кабарлаган. Учурда териштирип-иликтөө иштери уланып жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости