www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

-- Жусупжан-ага, эшикте кар бурганактап, күн суук болуп турса, Алмазбек Атамбаевди сотко футболкачан апкелгенине кандай карайсыз?

-- Бул эми издевательство да! Кайсы гана адам болбосун, мындай кордоо кылганы, акылга сыйбаган иш катары бааладым. Бул бүгүнкү бийликтин күчүн көргөзүп атканыбы? Же башкаларын коркутуп коюу үчүнбү?

Айтор, жаман эле иш болду. Биз демократиялык, адам укугу мыйзам чегинде корголгон өлкөдө жашап жатабыз, ушуну унутпашыбыз керек. Биздеги болуп аткан кыймыл-аракеттин баарын бүт өлкө көрүп, баам салып турат.

Эртеңки күнү ашмалтайыбыз чыгып кетпесине ким кепилдик бере алат? Менимче, баардык жаман иштерди президентке багыштай берген болбойт дечи... Бийликтеги “бөрк ал десе баш алган” жасоолдор аша чаап кетишти окшойт. “Жылаңач болсо да сотко сүйрөп келгиле” деп жогорку бийликтегилер расмий айтпаса керек. Анан аткаруучулар деле бир аз ойлонуп коюшса болмок.

-- Кымбатчылык жанга батып кетти го?

-- Жанга батты. Кечээ эле бир нан 15 сом болсо, бүгүн 20 сомдон ашты. Өкмөттүн “бюджетти 4 миллиардга чыгарам” дегенинен дайын жок. Матрезервде эмне бар, эмне жок, муну карап, кайсы жактан аксап атабыз, эмне бизге жетишсиз (?) деген сыяктуу иштерди кылыш керек эле да.

Мындай учурда коңшу мамлекеттер менен алаканы жакшыртып, соода-сатык маселесин жакшы бир деңгээлде сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, андан сырткары, ички дыйкандарга тийешелүү тапшырмаларды берип, “сен буудай айда, сен жашылчажемишке көңүл бур. А сен мал чарбасын жакшырт” дегендей демилгелүү иштердин бирөөсүн да көрбөй атам.

Мына, жазгы талаа иштери башталды. Фермерлерге, жеке ишкерлерге күйүүчү майды камсыздап, пайызы жок кредиттерди берип, мамлекеттин коопсуздугун ойлонгон бир жан жок. Бу жакта Тажикстан менен болгон чек ара маселеси жөнгө салынбай турат.

Баткенде бир күн тынч болсо, эки күн чатак чыгууда. Кыргыз мамлекети дипломатиялык жол менен баардык нерсени чечсе болот. Жаңы келген депутаттарыбыз эмне иш менен алек болуп атканынан дайын жок. Креслону кучактап алып, той-топурга, шаан-шөкөткө барыш үчүн келген эмес да.

Алар ушундай каатчылык кырдаалда күн-түн дебей иштеш керек эле. Эл ушуларга ишеним арткан. Айтор, айтып отурса жан кашаят.

-- Кыргыз саясатынан кабарыңыз барбы?

-- Кабарым бар, азыр Кудайга шүгүр, жети жаштан жетимиш жашка чейинкилер соткасынан интернетке кирип, чыкпай отурушат. Болгон маалыматтын баары ошо жакта. Бийлик бир адамдын колуна өттү.

Парламент илгеркидей эле үстөл муштап, “шифакана кылабыз, кабинетим тар экен. Меники тоону карап туруш керек, эмне үчүн 7- кабаттан бербейсиңер?” деген былжырак сөздөр менен алек.

Элге керектүү мыйзам чыгарып, пенсияны жогорулатуу, эмгек акыны көтөрүүнү ойлошкон жок. Биздин парламент мышык ыйлаган абалга келди. Жакшы үмүтүм бар эле...

-- Мейли анда Жусупжан ага, сизди туулган күнүңүзгө карабай маекке тартып алдым. Узак жашаңыз, бу дүйнөдө эч жамандык көрбөңүз. Колум жетпей жатат. Өзүңүз жакшы көргөн грузиндердин “Ча-Часынан” бир рюмка куюп берет элем.

-- Рахмат Суке, ичпесем да ичкендей көңүлүм көтөрүлүп калды, жолугушканга чейин аман бололу.

Булак: Азия News гезити

Последние новости