www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШ президенти Джо Байдендин орусиялык кесиптеши Владимир Путинге каршы билдирүүлөрүн башка өзөктүк державадагы бийликти алмаштыруу чакырыктары катары баалаарын түшүнөт, ошондуктан, алар саясатчынын сөзүндөгү мындай маанини четке кагууда. Бул тууралуу Лента.ру жазды.
Ошого карабастан, Байдендин билдирүүсү америкалык бийлик чындап эле Орусия СССР сыяктуу кулайт деп үмүттөнөөрүн ачык көрсөтүп турат, дейт The Global Times гезитинин баяндамачылары Ян Шэн менен Ван Хэни.
Алардын айтымында, Байдендин администрациясын Украинаны сазга айландыргысы келип, «Орусия кансырап жата берсин дейт», ошондой эле орустардын багынып беришин жана америкачыл режимди тандоосун каалап жатат деп айыптоо керек.
«Байден жаңы эле анын оюндагы чындык жөнүндө айтты. Бардык санкциялар, Путин менен Орусиянын стигматизациялоо жана демонизациялоо бир негизги максатты көздөйт - аны кайрадан кыйроого алып келүү», - деди Бээжиндеги Кытайдын Жэньмин университетинин Эл аралык мамилелер институтунун директору.
Аналитиктердин айтымында, америкалык саясатчылар алардын Орусия менен Кытайга каршы душмандык аракеттери бүткүл дүйнөгө коркунуч туудураарын түшүнбөйт жана дүйнөдөгү азыркы кырдаал кансыз согуш учурундагыдан бир топ айырмаланып турат.
Белгилей кетсек, 26-мартта АКШ президенти Джо Байден Орусиянын президенти Владимир Путинди дагы бир жолу «касапчы» деп атады. Америкалык лидер сөзүн орус лидери «бийликте кала албайт» деген сөздөр менен аяктады.
Эске салсак, Орусия Украинага каршы согушту 24-февралда баштаган. Путин анын максаты «сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо» жана бул үчүн «Украинаны демилитаризация жана денацификация» жасап жана Донбасстагы «жай жашоочулардын канына забын болгондорду» аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жатат, деп айткан.
Орусия - анын куралдуу күчтөрү аскерий соккуларды Украинанын аскердик инфраструктурасы менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдирет. Орусиянын колдоосу менен ДЭР жана ЛЭР топтору да өз аракеттерин улантууда. Путин - Украинаны оккупациялоо туурасында кеп жок экенин айтат.
Булак: NazarNews.kg