www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ысык-Көл облусунун өнүктүрүү фондунун башкаруу дирекциясынын кызмат адамдары мамлекетке 2 миллион сомдон ашык зыян келтиргени аныкталып, кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан кабарлады.
"Текшерүүдө Тоң районуна караштуу Төрт-Гүл айылындагы 200 орундуу маданият үйүнүн имаратын курууда дирекциянын кызмат адамдары материалдык кызыкчылыктарды көздөп, подрядчылар менен сүйлөшүп алышкан. Натыйжада актыга жасалмаланган маалыматтарды жана аткарылбаган жумуштарды киргизишкен", — деп жазылган маалыматта.
Анын кесепетинен мамлекетке 2 миллион 101 миң 192 сом өлчөмүндө зыян келген.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси ("Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу") менен кылмыш иши козголуп, сотко чейинки өндүрүш башталды.
Булак: NazarNews.kg