www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сөздү көңүл коюп угуп, эске тутуп жана андан тыянак чыгара билүүнү куйма кулак; уккан сөзүнөн майнап чыгара албаганды акма кулак; сөздү түшүнбөгөндү кум кулак дейт.

Абдиламит Матисаков - КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер: Куйма кулактык менен биз улуу муундун рухий мурасын кийинки муунга жеткирип келатабыз. Куйма кулакты өөрчүтүш үчүн устат менен шакирттикти жакшы жолго коюу керек. Музыкада куйма кулактын азынан азыр бизде мурунку муундукундай ажайып чыгармалар аткарылбай да, жаралбай да калды.

Биз жакшы сөздү канчалык таба билсек куйма кулак көбөйөт. Биз ажарлуу, образдуу сүйлөбөйбүз. Анан ал кайсы кулакка кирет эле. "Эл наркын" келечекке ишенген, адам болом, адамкерчиликтүү болом деген, жакшы жамаатта иштейм деген, жакшы бүлө күтөм деген адам жумасына бир саатын коротуп тиктеп койсо чоң "Дордойду" кыдыргандан артык болот эле.

Нуркан Койчуманова - акын: Куйма кулактык кыргызга Кудай-Тааламдын берген бир тартуусу. Куйма кулактык жөн гана бирөөнүн сөзүн жаттап алуу эмес, ал аны бүтүндөй жан дүйнөсүнө сиңирип, түшүнүп, ой туюмунан өткөрүп, энчилеп алуу деген сөз. Сөздөн курган мунара эч убакта кулабайт. Жакшы сөздү миң кайталап айта берүү керек, диндин даватчылары сыяктуу.

Ал бир куйма кулакка жетпесе башка бир куйма кулакка жетет. Элден алган жакшы сөздү дагы он сөз кошуп кайра элдин өзүнө бере бериш керек. Ал да жетет куйма кулактарга. Куйма кулактык деген алуу эле эмес, ал берүү да. Берүү үчүн адамдын өзүндө да болуш керек.

Турмушта акма кулактык да керек. Турмушта анча-мынча жаман сөз уксаңар, көңүл оорута турган сөз уксаңар, аны кулактан агызып эле салуу керек. Жаман нерсенин баары эсиңерде кала берсе жүрөк деген аны көтөрө албайт.

Бейшенбек Бекешов: Кыргызга бир жаңы төкмө акын пайда болду. Өткөндө анын Аалы Туткучев менен айтышканын угуп калдык.

Алп акын деп Аалыны Көнгөнү ушу кыргыздын,

Аалыдан башка чыкпаса Өлгөнү ушу кыргыздын, - деп ырдады.

Ал атайылап кимдир бирөөдөн сабак деле албаптыр. Жалаң куйма кулактыгы менен чоң төкмөлөргө тең акын болуп чыга келди.

Идирис Айтбаев - мекме: Байдын кедейде көз акысы, акындардын калын элде сөз акысы бар дейт. Бир кишиге китеп окуп берерден мурда ошол кишинин өзүн окуш керек. Бир инсанга бир илимди үйрөтүү маанилүү болсо, аны үйрөтүүнүн ыкмалары андан да маанилүү. Жаңылып сүйлөгөн жалынып мынам дейт. Биз мугалимдер баарына бирдей эле тарбия беребиз, ал эми куйма кулактар болсо өздөрүнүн мээсинин капкагын ачкандар болуп саналат.

Куйма кулакты бирөөнүн сөзүн эстеп, эзели унутпай, аны жек көрүү максатында колдонгонубуз да көп. Чымындын канатын канчалык көзүңөргө жакын алып келсеңер каршыңызда турган тоону да тосуп салат. Ошондуктан куйма кулакты кекчилдикке, жамандыкка пайдаланбоо керек.

Жакшы сөздү айта-айта жылан ийнинен чыгат, жаман сөздү айта-айта мусулман дининен чыгам дейт. Жаман сөздү эмес, жакшы сөздү көп айталы. Пикириңерге көңүл бургула, пикириңер сөзгө айланат, сөзүңөргө көңүл бургула, сөзүңөр кыймыл-аракетке айланат, кыймыл-аракетке көңүл бургула, кыймылыңар мүнөзгө айланат, мүнөзүңөргө көңүл бургула, мүнөзүңөр тагдырыңарды түзүп коёт деген бар. Ушуну мен куйма кулактардын эсине айтам.

Бир күнү биздин айылга бир машина бир нерсе сатып келди. Атам иним экөөбүздү жиберди эмне сатып жүргөнүн билип келгиле деп. Жарым километрдей жерге жүгүрүп жетсек тоок сатып жүрүптүр. Кайра жүгүрүп келип тоок сатып жатканын айттык.

Атам баасы канча экен деп сурады. Биз кайра кеттик жүгүрүп. Машина улам алыстап баратат. Чоңу жүз сомдон экенин, жөжөлөрүнүн баасына чейин билип кайра келдик. Ошондон кийин атам кайра сурайт: - Карызга берет бекен? - деп.

Кайра барып аны да билип келгенден кийин атамдын: Баш иштебесе ушинтип кол-буттун шору болот, дегени ошондо биздин кулагыбызга эзели - чыккыс болуп куюлуп калган. Китеп окубагандын айынан куйма кулак азайды.

Бейшенбек Бекешов: Кыргыздын ар бир макал-лакабынын тарбиялык мааниси бар. Куйма кулак - акма кулак деген сөз - бул акма кулакты куйма кулакка айлансын деген ишара, түрткү, акма кулакты кичине баамчылыраак, сезимталыраак болсун, көңүл коюп уксун, кулагына сиңирип калсын, тыянак чыгарсын деген тарбиялык дөөлөт.

Ар бирибиздин куйма кулактыгыбыз да, акма кулактыгыбыз да бар. Ошонун акмасын азайтып, куймасын көбөйтөлү деген тыянак болду бүгүнкү сөз.

Бейшенбек Бекешов, журналист

Булак: NazarNews.kg

Последние новости