www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Орозо айы быйыл 2-апрель күнү башталат. Бул тууралуу Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандын дин башкармалыктары биргеликте чечим кабыл алганын Казакстандын муфтияты маалымдады.
"Наиб муфтий, фатва жана шариат бөлүмүнүн башчысы Сансызбай Курбанулы быйыл орозо 2-апрелде башталаарын билдирди. Мындай биргелешкен чечим Өзбекстан жана Кыргызстандын мусулмандар дин башкармалыктары менен макулдашылган", — деп айтылат маалыматта.
Рамазан айы 30 күнгө созулат, 2-май — Орозо-айт, 27синен 28-апрелге караган түнү Кадыр түн болушу мүмкүн.
Кыргызстандын муфтиятынан азырынча так датасы белгилүү боло электигин, маалыматты бир аздан соң беришээрин айтты. Муфтият буга чейин мусулмандар өз каалоосу менен бере турган битир-садаганын баасын бекиткен.
Булак: NazarNews.kg