www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы орозону утурлай быйылкы зекеттин көлөмүн бекитти. Ага ылайык, “бааларды туруксуздугуна байланыштуу, садака-битир берген учурда 1 килограмм 600 грамм буудай, ун, мейиз же 3 килограмм 200 грамм арпа, курма баасына көңүл бурууңуздарды эскертебиз”, - деп жазылган.

Ошондой эле, алтын менен күмүштүн баасынан чыгарып берсе болоору айтылган. Андан сырткары малдан берилчү зекет тууралуу түшүндүрмө берилген.

"Эгер ар бир мусулман пенденин бодо малы 30 уйга жетип, алты айдан ашык жайытта багылса, бир жаштан ашкан кунаажын зекет катары берилет. Топоздон дагы ушундай зекет берилет. Ал эми кой-эчкиси 40ка жетип, алты айдан ашык жайытта багылса, бир кой же бир эчки зекет катары берилет. Мусулмандын беш төөсү болуп, алты айдан ашык жайытта багылса, бир кой зекетке берилет. Жылкынын зекети күнүмдүк жашоодо колдонулбаган, алты айдан ашык убакыт жайытта багылган жылкылардан алынат. Мал көбөйгөн сайын зекет эсептери да өзгөрөт", - деп айтылат маалыматта.

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын билдиришинче, шарыятка ылайык, зекетке колундагы байлык-мүлктүн кырктан бир (40/1) бөлүгү, башкача айтканда 2.5% берилет.

Муфтияттын эсебинде, мусулмандардан жыл сайын Орозо айында 30 миллион сомдой садага-битир жыйналат жана бул каражат муктаждарга жана диний керектөөлөргө жумшалат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости