www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондунун Башкармалыгынын төрагасы алмашты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон чечимдин негизинде Улукбек Кармышаков ээлеген кызматынан бошотулган. "Чечим "КР министрлер кабинети жөнүндө” КР конституциялык мыйзамынын 13,17-беренелерине жана Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондунун уставынын 8-беренесинин 5-пунктуна ылайык кабыл алынган", - деп айтылат билдирүүдө.

Андан тышкары, Акылбек Жапаров кол койгон дагы чечимге ылайык, Аалиев Азиз Кубанычбекович Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондунун Башкармалыгынын төрагасы болуп 3 жылдык мөөнөткө дайындалды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости