www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Кыргызалтын» компаниясынын штаты чоӊ. Азыр анын аппаратында 120 адам иштейт. Компания башчысы Алмаз Алимбеков дайындалгандан берки 4 жыл аралыгында ишкананы реформалоо жаатында жарытылуу иш жасаган жок. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин башчысы Кожобек Рысбаев «Кыргызалтын» компаниясынын 2018-жылдагы ишинин жыйынтыгы тууралуу маалымат угулуп жатканда билдирди. Бул тууралуу маалыматты Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы билдирди.
Депутат «Кыргызалтын» компаниясына караштуу кен кору түгөнүп, эбак жабылып калган «Макмал» кен ылгоо ишканасында азыр 130 адам иштейт деген маалыматты эске салып, муну кандай түшүнсө болорун сурады. «Ишканада 70 адам иштейт делсе, аны 50 адам кайтарат экен, ушу кантип болсун. «Кыргызалтын» мамлекеттин 100 пайыз үлүшү бар компаниябы же бирөөнүн жеке менчик ишканасыбы? Анын аппаратын кыскартыш керек, жарытылуу деле иш жасаган жок», - дейт Кожобек Рысбаев.
Тармактык комитеттин мүчөлөрү укук коргоо органдарына «Кыргызалтын» компаниясынын иши боюнча айрым маалыматтарды текшерип, 10-апрелге чейин анын жыйынтыгын маалымдар кылуу тапшырмасын берди. Ошондон кийин бирдиктүү чечим кабыл алынып, компаниянын ишине тийиштүү баа берилмекчи.
Булак: NazarNews.kg