www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Депутат Балбак Түлөбаев бүгүн, 23-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында Кумтөр боюнча депутаттык комиссия ишин баштабай жатканына нааразычылыгын билдирди.

Кыйкырып, талашып-тартышып, төрага менен анын орун басарлары шайланганын, андан башка эч кандай иш аткарылбай жатканын айтты.

«Жакында эле бул жерде баарыбыз кыйкырып, «Кумтөрдүн» алтыны кайда кетти деп жатканбыз. Депутаттык комиссия түздүк, бирок башка эч нерсе кылган жокпуз, эл күтүп жатат, «Кумтөрдүн» алтыны кайда кеткенин билгиси келет. Былтыркы алтын кайда, быйылкы алтын кайда? Ушуну тактап, коомчулукка ачык жарыялап койбойлубу», - деди ал.

Түлөбаев комиссиянын мүчөлөрүн бүгүн угууну өтүндү.

Белгилей кетсек, Кумтөр алтын кени негизинен Советтер Союзунун убагында 1978-жылы эле геологдор тарабынан изилденип табылган. Айрым маалыматтарга караганда бул кенди СССРдин бийлиги 2005-жылдары иштетүүнү пландаштырган. Тилекке каршы, Союз урагандан кийин ар бир республика өзүнүн арбайын тарта баштаганда, экономикалык кризистин алдын алуу учун Кумтөр кенин иштетүү каралган. Бул уникалдуу кен. Ал дүйнө жүзүндөгү жетинчи эң ири кендердин бирине кирет. Кендин запасы боюнча СССРдин аймагында учунчу орунда турган. 716 тонна алтын запасы бар кенди иштетүү боюнча инвесторлорду тартууда ошол учурдагы "Легендарлуу" парламенттин трибунасында бир топ талаш-тартыш пикирлер жаралган.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости