www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 13-июнда Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын депутаты Айгүл Айдарова, Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Кудайберген Базарбаевге суроо менен кайрылып, балдарга бериле турган жөлөк пулдун айрым себептер менен берилбей жаткандыгы туура эмес деп белгиледи.

Баткенге барган жолугушууда калктын 90 пайызы ушул суроону берип жатышат, мен ошону сизге берейин деп жатам. Күйөөсү Москвада болсо, жөлөк пул ала албайт. Сиз ошого кандай карайсыз? Ушул чынбы же жалганбы?, - деди депутат.

«Атасы, апасы канча каражат табаары эске алынат. Айрымасы жок ал Орусиядабы же башкабы?», - деди министр.

«Өз мекениңде кыйраткан жумуш жок болуп, Орусияга же башка жака барып, үй-бүлөөсүн багып жаткан жарандардын балдарына жөлөк пул бербей коюу туурабы? Кыргыз элине болгон душмандык, «пособиеден» башталат», - деп зекиди депутат.

Бул маселе боюнча, аталган мекеменин башчысы мындай көйгөй бар экенин белгилеп, эл менен жолугушуу учурунда түшүндүрүү иштери жүрүп жаткандыгын билдирди.

Баса, депутат Айгүл Айдарованын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Кудайберген Базарбаевге карата колун кезеп, чакчаңдап сүйлөгөнү туурабы? - деген суроо жаралат. Анчалык болду кезектеги "бойго" чакырса болчудай. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости