www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Депутат Сеидбек Атамбаев пенсионерлер жана мектеп окуучулары үчүн коомдук транспортто жүрүү акысын арзандатууну сунуштоодо. Бул тууралуу ал бүгүн, 13-июнда Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

"Пенсионерлер, ата-энелер тарифти 10 сомго чейин түшүрүүнү, айрымдары мурунку тарифти кайтарып берүүнү суранышууда. Бул маселени комитетте карап көрөлү. Булар менин каалоом эмес. Мен пенсионерлердин жана мектеп окуучуларынын ата-энелеринин өтүнүчүн жеткирип жатам», - деди Атамбаев комитеттин мүчөлөрүнө кайрылып.

Комитеттин төрайымы Винера Раимбачаева бул маселени атайын адистештирилген бюджет жана фискалдык саясат комитетине тапшырууну сунуштады. Комитеттин дагы бир мүчөсү депутаттын сунушун транспорт жана коммуникациялар боюнча комитеттин отурумунда кароону сунуштады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости