www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанга рубль каптар менен келет, ал эми накталай долларлар чыгарылат. Эмнеге муну көрбөй жатасыңар? Бул тууралуу бүгүн, 21-декабрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Жусупбек Коргонбай уулу айтты.
"Кыргызстандан каптар менен долларды алып чыгып жатышат. Бул көрүнүш мамлекеттин экономикасына чоң таасирин тийгизип жатат.Ошол эле учурда банктарда биздин жарандарга 100 доллардан ашык колго берилбей жатат.Экономика министрлиги Улуттук банк менен биргеликте мамлекеттен акчаны алып чыгууну катуу көзөмөлдөш керек",-деди депутат.
Ага ылайык, депутат президенттин жана Министрлер кабинетинин туруктуу жана ыйгарым укуктуу өкүлүнө кайрылып, бул маселе менен алектенүүнү жана бул ишке УКМКны тартуу керектигин кошумчалап өттү.
Белгилей кетсек, бүгүн, 21-декабрда депутаттар “Айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамынын долбоорун биринчи окууда карашты.
Булак: NazarNews.kg