www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Маткеримов билим берүү уюмдарындагы психолог маселеси бир жылдан бери чечилбей жатканын сынга алды.
"Соцтармакта кайрылгандардын саны көп, бирок жасалган бир да иш жок. Маселени чечиш керек, баары кырылып калгыча карап отура беребизби?!" — деди эл өкүлү.
Буга чейин билим берүү министринин орун басары Надира Жусупбекова мектептерде психолог менен медицина кызматкерлеринин, бала бакчаларда логопеддин штатын ачуу үчүн каржы булагы каралып жатканын айткан.
"Бишкектеги мектептерде психологдор бар, алар мэриянын эсебинен каржыланат. Психологдор башка региондорго керек. Мындан тышкары, мурда бардык бала бакчаларга логопеддин кереги жок эле, акыркы жылдары ар бир бала бакчага логопед зарыл болууда. Бул боюнча Финансы министрлиги менен иштеп жатабыз, каржылоо булагы аныкталса эле маселелер чечилет", — деди Жусупбекова.