www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Депутат Жанар Акаев бүгүн, 8-декабрдагы парламент жыйынында Баткендеги үйлөрдү ким куруп жатканына кызыкты.

"Баткендеги үйлөр декабрь айынын ичинде бүтүп, пайдаланууга берилет деп айтылган. Учурда көпчүлүк үйлөрдүн чатыры дагы жабыла элек. Курулушчулар эмгек акысынын 50 пайызын дагы албаптыр. Баткендеги үйлөр боюнча каражат бөлүндү беле? Аларды ким куруп жатат? Мамлекеттик курулуш агенттиги куруп жатабы же башкаларбы?", - деп сурады депутат.

 Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Мамлекеттик курулуш агенттиги көзөмөлдөп жатканын билдирди.

"Үйлөрдү "Аманат" компаниясы субподрядчиктер менен биргеликте салып жатат. Жалпысынан долбоорго 31 компания тартылган. Алар 20-21-декабрга чейин 150 үйдүн курулушун бүтүрөт. Алар жашоочуларга берилет, калган үйлөр курулуш иштери аяктаганда тапшырылат", - деди Жапаров.

Ал жаңы үйлөрдүн курулушуна бюджеттен жалпы 1 млрд сом бөлүнгөндүгүн, зарылчылыкка жараша кошумча каражат бөлүнөөрүн билдирди.

Депутат Жанар Акаев жумушчулар эмгек акысынын 30-40 пайызын гана алышканын билдирип, өкмөт башчыдан бул маселени көзөмөлдөп коюусун суранды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости