www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эгерде буга чейин абанын булгануусу боюнча Бишкек шаары дүйнөдө алдыңкы орундарда болуп келсе, учурда 1-орунга чыкканын World Air Guality билдирди. Бул тууралуу Мирлан Дүйшөнбаев Фейсбуктагы баракчасына жазды.

"Индия, Пакистанды да артка калтырыппыз. Аны Бишкектин жашоочулары деле сезип, байкап жатышса керек. Бишкектеги абанын сапаты AQI көрсөткүчү менен 260ты түзүптүр. Бул коркунучтуу нормага жакындагандык дегенди билдирет. AQI көрсөткүчү 300дөн ашса, ал адам ден-соолугуна зыяндуу болуп эсептелет экен.

Бишкектеги абанын булгануусу кыргыз өкмөтүнө коңгуроо болушу зарыл. Тезинен абанын булгануусун алдын алуу, ага жол бербөө чараларын көрбөсө, мындай темпте Бишкектин абасы ышталып, жашоого мүмкүн болбой калчудай. Аба негизинен кышкы сезондо үйлөрдү жылытуудан, Бишкек ЖЭБинен чыккан түтүндөн, ошондой эле жүз миңдеген авто унаалардан чыккан зыяндуу түтүндөн булганууда. Жеке мончолорду иштеткендер көмүрдөн башка эмнелерди гана жагышпайт. Андайларды аныктап, тыюу салып, айып пул төлөткөн бир орган жок. Тилекке каршы, Бишкекти ыш каптап калганын ушундай маалыматтардан улам гана эстеп калдык.

Көйгөйгө «эч нерсе болбойт» дегендик менен мамиле кылууга болбойт! Өкмөт, шаардык бийлик бул багытта иш кылбаса, абал жылдан жылга начарлап баратат!", - деди Дүйшөнбаев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости