www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Депутат өлкөдө күйүүчү майдын кескин кымбаттап жатканын айтты

Бүгүн, 20-майдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Бактыбек Чойбеков аткаруу бийлигин кымбатчылыкты алдын алуу боюнча иштерди жүргүзүүгө чакырды.

Эл өкүлү күйүүчү майдын баасы кымбаттап жатканын, мунун кесепети азык-түлүктүн наркына да таасир этерин айтты. Ал андыктан өлкө азык-түлүк менен өзүн-өзү камсыздоо деңгээлине чыгышы керек деп эсептейт.

"Күйүүчү майдын баасы 100 сомго жетейин деп калды. Өкмөт башчы азык-түлүктүн баасы көтөрүлөт дегендей айтты. Муну алдын алуучу кандай иштер жүрүп жатат? Бензин биздин өнөктөштөрүбүздөн көз каранды экен. Бирок аткаруу бийлиги бул боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, туруктуу абалды түзүү керек", - деди Чойбеков.

 

 

Последние новости