www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Орусиянын Тергөө комитети 33 жаштагы Айгерим аттуу кыргыз жаранынын мыкаачылык менен өлтүрүлүшү боюнча иликтөө жүргүзүп жатат. Орус маалымат каражаттарынын маалыматы боюнча, туугандары анын зомбулук менен өлтүрүлгөн белгилери бар жансыз денесин Люблинская көчөсүндөгү ижарага алынган батирдеги дивандын ичинен табышкан.
Аял Москвадагы ооруканада пол жуугуч болуп иштеген жана эки башка кыргыз жараны менен эки бөлмөлүү батирде жашаган. Ал 8-майдан баштап байланышка чыкпай калган. Видеобайкоо камераларынан анын кечки саат 9:00 чамасында өзү жашаган имаратка киргенин көрүүгө болот.
Маркум байланышка чыкпай калгандан кийин туугандары издөө иштерин башташкан. 12-майда эжеси батирге келген, үйдө ижарачылардын бири — 31 жаштагы кыргызстандык болгон. Эжеси шектүү эч нерсе таппай кетип калган.
18-майда жакындары кайра батирге келип, кылдат текшере башташкан. Дайынсыз болгон кыргызстандыктын сөөгү дивандын ичинен табылган. Аял полиэтилен баштыктарына оролуп, скотч менен чапталган абалда болгон. Маркумдун мойну кесилген жана колдорунда жаракаттар болгон. Алдын ала маалыматтар боюнча, маркум коргонууга аракет кылган.
Окуя болгон жерге келген полиция кызматкерлери 31 жаштагы кыргызстандыкты кармашкан, экинчиси — 30 жаштагы Кыргызстандын жараны 11-12-май күндөрү батирден чыгып кеткен. Ал Казакстанга кеткен болушу мүмкүн.
Ошондой эле тергөөчүлөр батирден үч бычак табышкан, алардын экөөсүндө кан болгон.
Тергөө иштери уланууда.