www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

19-май күнү Бүткүл дүйнөлүк шаарлар форумунун 13-сессиясынын алкагында Түрк мамлекеттер уюмуна (ТМУ) мүчө мамлекеттердин жыйыны - “Түрк мамлекеттер уюмунун Урбанистика (шаар куруу) боюнча жогорку деңгээлдеги диалогу” өткөрүлдү.

Иш-чара шаарларды өнүктүрүү, туруктуу пландоо жана шаардык инфраструктураны жакшыртуу жаатындагы актуалдуу чакырыктарды талкуулоо, ошондой эле ТМУга мүчө мамлекеттер ортосунда техникалык жана институционалдык кызматташтыкты чыңдоо үчүн маанилүү аянтча болду.

Азербайжан Республикасынын павильонунда “Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдарынын ортосунда шаардык жана мейкиндиктик пландоо жана шаарлардын туруктуу өнүгүүсү жаатындагы кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү меморандумуна” кол коюу аземи болуп өттү.

Меморандумга кол коюу ТМУга мүчө мамлекеттердин ортосунда шаардык жана мейкиндиктик пландоо тармагындагы кызматташтыкты мындан ары бекемдөөгө, алдыңкы тажрыйбаларды алмашууга, ошондой эле шаарлардын туруктуу өнүгүүсүнө жана заманбап шаардык чөйрөнү жакшыртууга багытталган демилгелерди биргелешип ишке ашырууга негиз түздү.

Жыйындын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Курулуш министринин орун басары Талантбек Иманакун уулу шаарларды өнүктүрүү жаатындагы улуттук артыкчылыктар жана ТМУ алкагындагы кызматташуу боюнча сунуштар талкууланган расмий бөлүктө сөз сүйлөдү.

Мындан тышкары, ТМУнун Башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиев Кыргыз Республикасынын Улуттук павильонуна барып, урбанистикалык көргөзмөдө сунушталган долбоорлор менен таанышты.

Эске салсак, 2026-жылдын 17–22-май күндөрү Баку шаарында Бүткүл дүйнөлүк шаарлар форумунун 13-сессиясы (WUF13) өтүүдө. Форумдун алкагында Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги эл аралык аянтчада Кыргызстандын атынан өкүлчүлүк кылууда.

Последние новости