www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Майлуу-Суу шаары союз маалында эң өнүккөн шаар болгон. Азыркы учурда "өгөй" шаар болуп калды. Бул тууралуу бүгүн, 15-мартта депутат Мейкинбек Абдалиев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
"Аталган шаардын тургундары кычыраган кыштын чилдесинде жылуулуксуз, суузсуз калышканы баарбызга белгилүү. Эми болсо ичүүчү таза суусунда көйгөй болуп жатат. Себеби крандан ылай аралаш, курту да бар суу агып жатат. Жергиликтүү тургундар видео далил да жөнөтүштү. Ал сууну адам эмес, мал-жандыкка да берүү кооптуу.
Урматтуу Алмаз Ахунжанович, урматтуу Нурлан Тургунбекович, тез аранын ичинде Майлуу-Суу шаарынын ичүүчү суусун жана башка көйгөйлөрүн карап бербесек, 20 миңден ашуун жарандын ден соолугуна коркунуч туулуп жатат", - деди депутат.
Булак: NazarNews.kg