www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын Чек ара кызматы кыргыз-өзбек чек арасында тартылган видео боюнча маалымат берди.

Буга чейин Баткен районунун Сай айылынын тургуну У.Н. видео жарыялап, Өзбекстандын чек арачылары курал-жарагы менен Кыргызстандын аймагына киргенин билдирген. Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматы бул маалыматты четке какты. «Чыр чыкпашы үчүн Чек ара кызматынын Айдаркендеги өкүлдөрү менен Өзбекстандын Чек ара кызматынын Сохтогу өкүлдөрү жолуккан. Анын жүрүшүндө Өзбекстандын аскер кызматкерлери чек арадан өтпөгөнү, алар Өзбекстандын аймагында чек арага жакын жерде туруп, аймакка көз салышканы белгилүү болду. Өзбекстандык чек арачылар Сай айылынын жашоочусу менен сылык сүйлөшүшкөн.

Эки өлкөнүн Чек ара кызматынын өкүлдөрү эл арасында түшүнбөстүктөргө жол бербөө үчүн мындан кийин аскер кызматкерлеринин иш-аракеттерин макулдашууну сүйлөшүштү. Ошондой эле, кадастр кызматтарынын жетекчилеринин деңгээлинде жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн катышуусунда дагы бир жолу жолугушуу уюштуруу пландалды.

Ал эми Сай айылынын жашоочусуна окуя тууралуу түшүндүрмө берилди», - деп билдирди КРнын Чек ара кызматы.

Булак: NazarNews.kg    

Последние новости