www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коом президент Садыр Жапаровдун акыркы дайындоолорун колдоду. Бул тууралуу депутат Нурлан Шакиев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, буга чейин мамлекет башчынын кадр саясаты сынга алынган.

"Бактыга жараша, акыркы дайындоолор мактоого арзыды: Алтынбек Сулайманов Ысык-Көл облусунун башчысы болуп, Алмаз Бейшеналиев билим берүү министри болуп, Эмилбек Абдыкадыров Бишкек шаарынын мэри болуп дайындалды", - деди депутат.

Нурлан Шакиев мамлекеттик кызматка тажрыйбалуу улгайган кадрларды кайтарууну сунуштады.

"60 жаштагылар жумушка дайындалганда: карылар келди деп айта башташат. Статистикага кайрылсаңыз, өнүккөн өлкөлөрдө лидерлердин жашы 60тан ашкан. Маселен, АКШнын Коргоо министри 68 жашта, Каржы министри 71 жашта, Япониянын Премьер-министри 73 жашта, Каржы министри 81 жашта. Кытайда да абал ушундай. Мурдагы жетекчилер коррупцияга аралашпаса, жакшы иштешсе, кайра кайтарыш керек. "Бакиевский", "Акаев", "Атамбаев", "Жээнбек" деген жарлыктардан алыс болушубуз керек. Бизде кадрлардын чакан бассейни бар. Популизмдин айынан кадр саясатын бузуп салышты", - дейт Нурлан Шакиев.

Анын айтымында, көпчүлүк жетекчи кызматтарга баргысы келбейт. "Азыр жетекчилик кызматка баруу - бул эрдик", - деп кошумчалады депутат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости