www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 15-октябрда депутат Талант Мамытов “Ысык-Көл” мейманканасынын алдына чогулган Садыр Жапаровдун тарапташтарынан “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясынын жанында сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгын күтүүнү суранды.

Депутаттын айтымында, Садыр Жапаров бүгүн эрте менен бир аз сыркоолоп калган, бирок сүйлөшүүгө чакырылгандыгына байланыштуу, ал мамлекеттик резиденцияга кеткен.

Ал учурда сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын белгилеп, чогулгандардан коомдук тартипти бузбоону суранды.

Ал Жапаров мыйзамдуу жол менен жүргөнүн эске салды: соттолгондугу жана парламент аркылуу бекитүү маселеси боюнча. «Үчүнчүдөн, элдин талабы бар. Ушуну эске алып, бардыгы мыйзам чегинде чечилиши керек жана биз ошого ишенебиз», – деди Мамытов .

Белгилей кетсек, Талант Мамытов Садыр Жапаров сүйлөшүүлөрдү аягына чыгарууга ниеттенип жаткандыгын билдирди.

“Ал ага убакыт берүүнү суранат. Күтүп туралы. Ал жакка баруунун кажети жок”, – деди депутат чогулгандарга кайрылып.

Эске салсак, кечээ премьер-министр Садыр Жапаров Өкмөт үйүнүн алдында турган өзүнүн тарапкерлеринин алдына чыгып сөз сүйлөп, президентти отставкага кетирүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын, элден бир аз убакыт күтө туруусун суранган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости