www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 5-апрелде Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети менен Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин биргелешкен жыйыны өтүүдө.

Жыйында башкы прокурор Курманкул Зулушевдин 2021-жыл боюнча отчету угулуп жатат. Анын жүрүшүндө депутат Жанар Акаев туура 1 жыл мурун Айзада Канатбекова каза болгонун, анын өлүмү өлкөдө резонанс жаратканын эске салды.

«Ошондо 40тан ашуун милиция кызматкери жумуштан алынган. Бирок Айзаданын апасы 1 жыл өтсө да кылмыш иши аяктаган жок, керек болсо шалаакылык үчүн жазага тартылган милиционерлер кайрадан кызматка орношуп жатат деп айтып жатат», - деди Акаев.

Ал башкы прокурорго кайрылып, ушул маселени көзөмөлгө алууну суранды. Ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширходжаев кызматтык териштирүүнүн негизинде бир нече адам жумуштан алынганын айтты.

«Жарым жыл, 1 жылдан кийин жазалары жоюлган болсо, кызматка дайындалышы мүмкүн. Бирок мен так айта албайм, тактап берейин», - деди Аширходжаев.

«Мындай окуя кайталанбашы үчүн жумуштан алынган кызматкерлерди кайрадан чоң кызматтарга тартпаш керек болчу», - деди Акаев.

Эске салсак, Айзада өткөн жылы 5-апрелде эртең менен уурдалган. 7-апрелде анын жансыз денеси Бишкек шаарынын четиндеги талаадагы унаадан табылган. Бул окуя боюнча 44 милиция кызматкери жазага тартылган болчу.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости