www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Кумтөрдөн түшкөн каражат мамлекеттин киреше булагы болот, буюрса тышкы карыздан кутулабыз”, - деди бүгүн, 5-апрелде NazarNews маалымат агенттигине Жогорку Кеңештин депутаты Русланбек Жакышов.

- Русланбек Шергазиевич, кечээ Кыргызстан Кумтөргө 100 пайыз ээ болгонуну уктук. Уттукпу же утулдукпу?

- Албетте уттук. Кумтөрдүн каймагын калпып жеген “Центерра” менен ажыраштык. Буюрса, кечээтен баштап, Кумтөрдү мамлекеттин энчисине алдык. Бул кыргыз эли үчүн чоң утуш болду.

Эми буйруса, Кумтөргө өзүбүздүн адистер, өзүбүздүн жарандар иштейт. Кумтөрдөн түшкөн каражат мамлекеттин киреше булагы болот. Кудай буюрса, тышкы карыздан кутулуп, көз карандысыз болобуз.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости